Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Тажикстанда 3,8 млн. SIM-карта каттоодон өтө элек


Тажикстандагы уюк байланыш компанияларынын биринин кеңсеси.
Тажикстандагы уюк байланыш компанияларынын биринин кеңсеси.

Тажикстанда 1996-жылдагы паспорттордун негизинде берилген 3,8 миллиондой SIM-карта дале пайдаланылууда. Бул тууралуу Тажикстандын Байланыш кызматынын төрагасынын орун басары Адолат Абдурахмонзода Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында билдирди.

Өткөн жылдын башында тажик өкмөтү колдонуучулар телефон номурларын жаңы паспорттор менен кайра каттатуу зарыл болорун билдирген. Каттоодон өтпөгөн SIM-карталар өчүрүлө турганы айтылган. Телефон ээлерине берилген бул мөөнөт 15-февралда аяктаганы турат.

Байланыш кызматынын төрагасынын орун басары Абдурахмонзода бул мөөнөткө чейин SIM-карталарын каттатып жетишпеген жарандардын маселеси кандай чечилерин айткан жок.

Көптөгөн тажикстандыктар номурларын каттоодон өткөрүш үчүн эски үлгүдөгү паспортторун алмаштырышы керек. Бирок айрым тажик жарандары жаңы паспорттордун баасынын кымбат экенине да нааразы болуп жатышат.

Тажикстанда жаңы үлгүдөгү ички паспорттор 2014-жылдан тартып бериле баштаган.

XS
SM
MD
LG