Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Равшан Жээнбековдун иши боюнча тергөө аяктады


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Учурда тараптар тергөө материалдары менен таанышууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.
28-январда Равшан Жээнбековдун камалышына байланыштуу анын тарапкерлери жана жарандык активисттер басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Алар саясатчы ак жерден айыпка жыгылып, саясий куугунтукка кабылды деп эсептешет.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланды.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG