Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:31

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга жардам сунуш кылды


Кытайдын Ухань шаары. 24-январь, 2020-жыл.

Трамп «Твиттердеги» баракчасына: «Биз жаңы вирустан улам Кытай менен тыгыз байланыштабыз. АКШда бул илдетке кабылгандар өтө аз катталса да, баары бир чочулоо бар. Кытайдын президенти Си Цзиньпиңге өз жардамыбызды сунуш кылдык. Бизде мыкты адистер бар» деп жазды.

27-январда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян коронавирус биринчи жолу катталган Ухань шаарына барды.

Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңдей адам жаңы вирусту жугузуп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты. Коркунучтуу илдет башталгандан бери мунай кескин арзандап, Кытай валютасынын куну түштү.

Кеминде 60 млн. адам жашаган Хубэй провинциясынын Ухань баштаган бир нече шаарында карантин уланып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Бээжинге келип, Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирди.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG