Өзбекстандын Жизак облусунда бир үйдөн 8, 12 жана 14 жаштагы үч бир тууган ис уруп кайтыш болду. Алардын апасы жандандыруу бөлүмүндө.
Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 25-январь күнү эртең менен балдардын сөөгүн жумуштан келген атасы тапкан. Баштапкы маалыматтар боюнча балдар уктап жатып, жертөлөдөгү мештен чыккан иске ууланып калышкан.
Өзбекстанда кыш мезгилинде газга уулангандар жыл сайын көбөйүүдө. Буга мештин туура эмес колдонулушу, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болууда.