Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Түркмөнстанда дарыгерлерге чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ашгабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.

Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларында да чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынган.

Чөнтөк телефон колдонууга чектөө киргизилгени тууралуу ата-энелер жыйналышында айтылган. Анда телефон балдарга тарбия берүүдө терс таасир тийгизип жатканы белгиленген.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга эле эмес, мугалимдерге да чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган.

Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.

XS
SM
MD
LG