Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Алайда мечит толук күйүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алайда өрт чалган мечит толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-январга караган түнү болгон.

Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылындагы жалпы аянты 180 чарчы метрлик мечиттен чыккан өрт бул диний мекеменин имаратын керектен чыгарды.

Кырсыкка эмне себеп болгонун адистер азыр тактап жатышат.

Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында тогуз өрт катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 669 мечит каттоодон өткөн. Каттоодон өтө электеринин саны 300гө жакын. (RK)

XS
SM
MD
LG