Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов боюнча Кыргызстан Интерполго өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлады.
Буга чейин Алмаматовго КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган.
Ал Жогорку соттун былтыр 30-октябрдагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Бирок жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес.
Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.
Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.
Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.
Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алмаматовдун эркиндикке чыгып, андан ары качып кеткенин сындап, «бул ишке сот менен прокуратура аралашканын» айткан. Президенттин бул сынынан кийин Алмаматовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатканда соттук жараянга мамлекеттик айыптоо тараптан катышкан прокурор кызматтан алынды. (BTo)