Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Кытайдан кайткан алты кыргызстандык студент изолятордо кеминде он күн кармалат


Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди:

- Абалы жакшы. 10-14 күн байкоодо болот. Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), аларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилери жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, 28-январда эртең менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан алты кыргызстандык келди, алар Шиңжаң университетинин студенттери.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул студенттер Кыргызстанга 27-декабрда каникулга келип, 21-январда кайра Үрүмчүгө кайтышкан. Алар Бишкекке Казакстан аркылуу келди.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG