Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Тажикстанда «Мусулман агайындардын» 113 мүчөсү кармалды


Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон.
Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон.

Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен баш-аягы 113 киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон 28-январда Дүйшөмбүдө өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу менен кызматкерлери, ошондой эле Исфара шаардык аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да бар. 

- Алардын баарына кылмыш иштери козголду. Булардын максаты Тажикстанда бийликти күч менен кулатуу жана көп өлкөлөрдө террордук жана экстремисттик топ катары тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмун түптөө болгон, - деди Рахмон. 

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен адамдарды кармоо январдын башында башталган. Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган. 

«Мусулман агайыңдар» - 1928-жылы Египетте түптөлгөн, исламдын суннит багытын карманган диний уюм. 

 

XS
SM
MD
LG