Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Коронавирус боюнча шектүү бишкектик жөнүндө маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин коронавирус боюнча шек саналган 28 жаштагы тургунунда андай диагноз такталган жок. Бул тууралуу 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйынында маалымат берип жатып Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Бишкектин шаардык башкармалыгынын башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Сыдыгалиевдин айтымында, ал жигит апасы менен эс алуудан кийин Таиланддан учуп келген.

- Дене табы көтөрүлүп турган экен. Учактан түшөр замат «Тез жардам» менен Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келишти. Биз өзүбүздүн атайын костюмдарды кийип, бардык тиешелүү иштерди жүргүздүк. Диагноз такталган жок. Консилиум өткөрүп, бир сааттын ичинде диагнозду четке кагып, башка ооруканага жаткырдык.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 киши көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.

Саламаттык сактоо министрлиги 28-январда Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады. Алар 10-14 күн атайын изолятордо болот. Дарыгерлер кооптонууга негиз жок экенин айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG