Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Коронавирус: Бишкектин четиндеги госпиталда текшерүү үчүн 100 орун даярдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында шектүүлөрдү текшерүү (фильтр) үчүн Бишкектин четиндеги аскердик госпиталдан 100 орун камдап койду. Бул тууралуу 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйынында маалымат берип жатып Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты. Эгер госпиталь пайдаланыла турган болсо медициналык жардамга муктаж аскерлер республикалык ооруканаларга жөнөтүлөт.

Сыдыгалиев белгилегендей, госпиталь эгер башка текшерүү пункттарында орун жетишпей калган учурда гана пайдаланылат.

- Кудай сактасын, бирок массалык түрдө болуп кетсе гана. Негизи чек арада - Токмокто, Кантта, Сокулукта, Кара-Балтада, Кеминде орундар камдалып жатат.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.

Саламаттык сактоо министрлиги 28-январда Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады. Алар 10-14 күн атайын изолятордо болот. (RK)

XS
SM
MD
LG