Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Казакстанда Кытайдан келген төрт киши ооруканага жаткырылды


Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.

Кийинки күндөрү Кытайдан Казакстанга келген 23 кишинин дене табы жогору экени аныкталып, төрт адам ар кандай вирустук инфекция жугузуп алган деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 28-январда билдирип, бейтаптардын так анализи үч күндүн ичинде белгилүү болорун кошумчалады.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын алгач ирет жаңы коронавирус катталган Ухань шаарындагы 98 казак студентти чыгарып кетүү боюнча расмий Бээжин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Бул арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки аптада Кытайдан келген жарандарга бейтапканаларга барып, текшерилүүнү сунуш кылып жатат.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө өпкөнү сезгенткен коронавирустан 106 киши көз жумду. Инфекцияны жугузуп алгандардын саны 4500 кишиден ашты.

XS
SM
MD
LG