Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Түндүк Македонияда абанын булганышына каршы чара көрүлүүдө


Түндүк Македониянын баш калаасы Скопье.
Түндүк Македониянын баш калаасы Скопье.

Түндүк Македония калкын абанын булганышынан сакташ үчүн шашылыш чараларды жарыялады. Ага ылайык, өкмөт баш калаа Скопье сыяктуу айрым шаарларда кош бойлуу аялдарга жана жашы улгайып калгандарга ишке келбөөгө уруксат берди. Ал эми курулуш компанияларын ачык абадагы иштерди токтото турууга, жарандарды бул күндөрү сыртта дене тарбия көнүгүүлөрүн убактылуу жасабай турууга үндөдү. Өкмөт сунуш кылган чаралар шейшембиден тартып күчүнө кирет.

Түндүк Македония - Европадагы абасы эң булганган мамлекеттердин бири. Бийликтин 27-январдагы билдирүүсүнө ылайык, соңку күндөрү абадагы уулуу заттардын деңгээли нормадан 11 эсе көбөйүп кеткен.

Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, булганыч абадан жылына үч миңдей киши көз жумат. Мунун себебин адистер эски автоунаалардын чыккан түтүндөн, таштанды өрттөөдөн жана кышында ар кандай отун жагуудан көрүшөт.

XS
SM
MD
LG