Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Кыргызстандык укук коргоочулар эл аралык федерацияга кайрылды


"Тыңчы" мыйзамына каршы бейөкмөт уюмдардын акциясы, Бишкек, 2016-жыл
"Тыңчы" мыйзамына каршы бейөкмөт уюмдардын акциясы, Бишкек, 2016-жыл

Кыргызстандын үч алдыңкы укук коргоо уюму Адам укуктары боюнча эл аралык федерацияга (FIDH) кайрылуу жолдоп, бейөкмөт уюмдарга карата соңку демилгелер боюнча тынчсыздануу билдирди.

«Бир Дүйнө», «Адилет» жана «Кылым Шамы» уюмдарынын кайрылуусунун маңызын “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтып берди:

- “Кесиптик кошуундар каттоодон өтпөсө алар иштей албайт” деген бул карапайым жумушчулардын укугун тебелөө. Дүйнөлүк тажрыйбада андай талап жок. 2019-жылы апрель айындагы "коммерциялык эмес уюмдар ондон ашуун мамлекеттик уюмдун текшерүүсүнө алынсын" деген демилге акырындап аларды жок кылуу дегенге барат. Себеби анда коммерциялык уюмдарга карата коюлуучудан да чоң талаптар камтылган. Ошол эле жылдын декабрь айындагы демилгеде отчет тапшыруу керектиги жазылган. Бирок ансыз деле ай сайын, квартал сайын, жылдык отчет берилип турат, баары ачык көрүнүп турат.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчет берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

«Мыйзам жактырылса элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишеними жогорулап, алардын ишинин ачыктыгы камсыз болот» деп айтылат негиздемеде.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG