Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Аэропортто балдарын таштап кеткен киши полицияга өзү барды


Москванын «Шереметьево» аэропорту.
Москванын «Шереметьево» аэропорту.

Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кароосуз калган балдардын атасы Дмитрий Гаврилов полицияга өзү барды. Ростов облустук полициясы 41 жаштагы жаранды суракка ала баштады.

Гаврилов 26-январда Хабаровскиден Москвага учуп келип, 9 жана 6 жаштагы эки уулун таштап кетип калган. Балдардын жанынан атасы аларды багууга дарамети жок экени тууралуу тилкат табылган.

Тергөө комитети «балдарын коркунучта калтырган» деген негиз менен кылмыш ишин козгогон. Балдардын ата-энеси ажырашып кеткени, энеси алардан кабар албаганы белгилүү болду. Учурда эки наристе Лобня шаарындагы балдар үйүндө жашап жатат.

XS
SM
MD
LG