Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

«Азаттыктын» кабарчысы сынактын жеңүүчүсү болду


Руслан Калматов.
Руслан Калматов.

«Азаттык» радиосунун Жалал-Абаддагы аймактык кабарчысы Руслан Калматов жарандарга мамлекет тарабынан кепилдик берген юридикалык жардамды өнүктүрүү жаатында сыйлыктын жеңүүчүсү болду. Сынакты «Адам, укук, эркиндик» коомдук фонду уюштурган.

Уюштуруучулар белгилегендей, сынактын максаты Кыргызстандын элин «Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тууралуу» мыйзам менен тааныштыруу, адилеттик менен акыйкатка жол ачуу болуп саналат.

Сынак ТВ, радио, басылмалар, онлайн медиа жана блогерлер арасында жүргөн.

Иш-чараны Кыргызстанда мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча түзүлгөн улуттук тармак «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурду. Катышуучулардын арасынан 10 киши жеңүүчү деп табылды. Улуттук тармакка өлкөдөгү 14 өкмөттүк эмес уюм кирет. (ZKo).

XS
SM
MD
LG