Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:52

Ооганстандагы учактын кыйрашынын себептери иликтенүүдө


Газниде кыйраган учактын калдыктары. 27-январь, 2020-жыл.

Пентагон 28-январда тараткан билдирүүсүндө учактын кара кутусу табылганы, мындан тышкары учак аткыланбаганы аныкталганы айтылган. Талибдер мурдараак Газниде америкалык аскер учагын атып түшүрүшкөнүн маалымдашкан эле.

Билдирүүдө экипаждын эки мүчөсүнүн сөөгү табылганы да кабарланган.

Мурдараак кыйроо болгон Газни провинциясынын полиция башчысы Халед Вардак Кошмо Штаттардын аскерлери сөөктөрдү тик учакка жүктөп жатканда айлана-тегеректи ооган коопсуздук күчтөрү кайтарып турушканын айткан эле. Анын сөзүнө караганда, кыйраган учактан кабар алууну каалаган ооган күчтөрүн талибдер улам аткылап, жолотпой турушкан.

27-январда АКШ армиясы «Bombardier E-11A» учагы Газни провинциясынын Дех Як районунда кыйрап түшкөнүн ырастап, бирок аскердик учакты «талибдер атып түшүрдү» деген маалыматты четке каккан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG