Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:19

Кыргызстандагы 300 сомдук жөлөкпулду 123 жумушсуз киши алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкө боюнча жумушсуз катары расмий каттоодо тургандардын ичинен 123 жаран 300 сомдон жөлөк пул аларын билдирди. Депутат Руслан Казакбаев өлкө ичинде жумушсуздар жылына 30% көбөйүп жатканын белгилеп, замапбап кесипке адистерди даярдаш керек экенин айтты:

- 300 сомдон алган туура эмес. Жылына бөлүнгөн 5 млн. сомду андан көрө майыптарга, пенсияга бөлгүлө. Дени сак уул-кыздарга 300 сомдон берген туура эмес.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин маалыматына ылайык өлкө боюнча жумушсуздардын саны 94 миң адам, анын ичинен расмий каттоодо 76 миң киши турат. Учурда жумушчуларды эң көп талап кылган чөйрө курулуш тармагы болуп жатат. Андагы орточо айлык 15 миң сомду түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG