Акыйкатчы Токон Мамытов парламентте коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун убактылуу чакыртып алууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү маалымдады. Анын айтымында, мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү талкуулаш үчүн демилгечи депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдар жана долбоорду колдогон топтор жыйын өткөрүшү керек.
- Үч тараптын өкүлдөрү чогулуп, ийри отуруп түз кеңешиши керек, - деди ал. - Чогулуп бири-биринин пикирин угуп, бир чечимге келиши керек. Экинчиден, бул мыйзамды коомдук талкууга кеңири алып чыгыш керек. Бул иштер жасалгыча депутаттар мыйзам долбоорун алып турса жакшы болмок.
Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу отчёт берип турууга милдеттүү болот. (TSh)