Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Алмаматов боюнча чечим чыгарган судьялардын жоопкерчилиги каралышы мүмкүн (видео)


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын жоопкерчилиги каралышы мүмкүн экенин билдирди. Калиевага бул боюнча депутат Алмазбек Акматов суроо салды.

- Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, 3 млн. 300 миң сом айып пул салып эркиндикке коё берген. Кайра Жогорку сотко келгенде качып кеткен. Прокуратура кызматкери жоопко тартылып, кызматтан алынды. Соттун жоопкерчилиги каралабы? – деген депутаттын суроосуна Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева мындай жооп берди:

- Жоопкерчилиги Тартип комиссиясында каралышы мүмкүн. Азыр талкуу жүрүп жатат.

Алмаматов коррупция үчүн шектүү катары 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Алмаматовдун ишин Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын судьялары Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков жана Нурлан Кожомбердиев караган.

Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептей турганын 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG