Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Журналист Эрнис Асек уулу дүйнөдөн кайтты


Эрнис Асек уулу.
Эрнис Асек уулу.

Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына анын жакындары кабарлашты. Маркумдун жубайы Назира Саалиеванын айтымында, ал 29-январда эртең мененки саат 9 чамасында ооруканада жүрөгү токтоп каза болгон.

Эрнис Асек уулу - маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Эрнис Асек уулу «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жүргөн.

Адабий чөйрөдө Эрнис Асек уулу өзгөчө стили бар акын катары бааланып, дүйнөлүк адабияттан бир топ акындардын, даанышмандардын чыгармаларын которгон. 2017-жылы ал Кытайдын улуу ойчулу, даанышманы Конфуцийдин осуяттарын кыргыз тилине которгон. (ZA)

XS
SM
MD
LG