Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Өкмөт медициналык беткап менен дарылардын баасын көзөмөлгө аларын билдирди


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагында короновирустун жайылышына жол бербөө боюнча штабдык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча маалымат берип, коркунучтуу илдет менен катталгандар жок экенин, буга байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз болбогонун билдирди. Министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Өкмөт башчы дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана баалардын жогорулашын алдын алуу максатында жеке коргонуу каражаттарынын (медициналык беткап), тиешелүү дары-дармектердин наркына мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG