Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Калиева: соттордун кадыр-баркы төмөндөгөнүнө уялам (видео)


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, соттордун кадыр-баркы төмөндөп кеткенин моюна алды:

- Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Кээ бир судьялар да ошол кадыр-баркыбызды түшүрүп жатышат. Мен өзүм деле уялам. Мен судьяларга жолукканда айтам, «менин кадыр-баркым - силердин кадыр-баркыңар, ошондон чогулат» деп айтам. «Мен жалгыз эч нерсе кыла албайм» деп кайрылам.

Парламентте айрым депутаттар «сот көз каранды эмес бийлик бутагы боло албай жатат» деп сындашты. 29-январда Жогорку Кеңеште сотторго байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG