Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

Армениянын экс-президентинин иши сотко өттү


Серж Саргсян.
Серж Саргсян.

Армениянын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Серж Саргсянга байланыштуу кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иши дыйкандарды колдоо боюнча мамлекеттик программадан өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоого байланыштуу козголгон.

Саргсяндан тышкары бул иш боюнча төрт киши суралууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Серго Карапетян да бар.

Серж Саргсян коюлган айыпты четке кагууда. Анын адвокаты жана партиялаштары ишти саясий куугунтук катары баалашат.

Экс-президент үй камагында.

XS
SM
MD
LG