Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Жети-Өгүздө менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты кайтарылды


Бала бакчанын окуу залы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакчанын окуу залы. Иллюстрациялык сүрөт.

Райондук прокуратура жүргүзгөн иштердин натыйжасында баасы 1 936 000 сомдук бала бакчанын имараты муниципалитетке кайтарылды.

Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн балансында турган №13 бала бакча 167,4 сотых жери менен кошо 2006-жылы чакан насыя ишканасынын менчигине берилген.

2019-жылы 24-июнда райондук прокуратура бала бакчаны мамлекетке кайтаруу максатында Ысык-Көл облусундагы район аралык сотко кайрылган. Натыйжада бала бакчаны менчикке чыгаруу боюнча 2006-жылы 31-июлда Тамга айыл өкмөтү менен чакан насыя компаниясынын ортосундагы келишим жокко чыгарылып, бала бакча айыл аймагынын менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Ысык-Көл облусунда 120дан ашык менчик, муниципалдык жана мекемелик бала бакча бар. Бул жалпы суроо-талаптын 38% гана камсыз кылат. Былтыр эки бала бакча жаңыдан ишке кирди, дагы үчөөнүн курулушу жүрүп жатат. (ZKo/KS)

XS
SM
MD
LG