Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Европарламент Брекзит жөнүндөгү келишимди жактырды


Европарламент көпчүлүк добуш менен Британиянын Евробиримдиктен чыгышы жөнүндөгү келишимди колдоду. Документке 621 депутат макул, 49у каршы болуп, 13ү добуш берүүдөн карманды. Келишимди Европа Кеңеши 30-январда бекитери күтүлүүдө.

Добуш берүүдөн кийин депутаттар өйдө туруп, шотландиялык салттуу «Auld Lang Syne» ырын аткарышты. Адатта бул ажырашууга мезгил жеткенде ырдала турган чыгарма. Парламенттин айрым мүчөлөрү сезимдерин жашыра алган жок.

Улуу Британия Брекзит боюнча референдумдан үч жыл өткөндөн кийин Евробиримдиктин курамынан чыгууда. Британ парламенти ЕБ менен түзүлгөн келишимге макул болбой, альянстан чыгуунун датасы үч жолу жылдырылган. Былтыр премьер-министр болгон Борис Жонсон Евробиримдик менен жаңы келишим түзүп, британ парламентинде мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүп, жеңишке жеткен. Учурда Өкүлдөр Палатасында консерваторлор көпчүлүк добушка ээ жана мыйзам долбоорун тоскоолдуксуз колдоп беришти.

Улуу Британия Евробиримдиктин курамынан 31-январда чыгат.


Евробиримдиктен чыккандан кийин Британия үчүн өткөөл мезгил башталып, ал 2020-жылы 31-декабрда аяктайт. Ага чейин жаңы соода келишими кабыл алынышы керек.

Улуу Британия Евробиримдикке 1973-жылы кошулган жана андан чыгып кеткен алгачкы өлкө болуп калды.

XS
SM
MD
LG