Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Өзбекстанда пахта теримге мажбурлаган аткаминерлердин тизмеси жарыяланды


Өзбекстандын Иш менен камсыздоо жана эмгек министрлиги 2019-жылы пахта терим өнөктүгү учурунда айыпка жыгылган аткаминерлердин тизмесин жарыялады. Аткаминерлер мажбурлап иштетүүнү уюштуруудагы кемчиликтери үчүн жоопкерчиликке тартылышкан.

Тизмеге 43 аткаминер кирген, алардын арасында эки район акими жана алардын беш орун басары, банктардын жетекчилери, мектеп директорлору жана соода комплексинин жетекчиси бар. Айыпка жыгылгандардын көбү – Самарканд облусунун жетекчилери.

Алар «Эмгекке мажбурлоо» беренеси боюнча айыпталып, 230 доллардан 700 долларга чейин айып төлөөгө милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG