Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:22

Өкмөт Бишкектеги экология боюнча программа иштеп чыкмай болду


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин экологиялык абалы боюнча кеңешмеде атайын программа иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылыш үчүн зарыл финансы каражаттарын табат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жарандар арасында экологиялык билим менен маданият принциптерин жайылтыш керек экенин белгиледи. Ошондой эле калктуу конуштарды газдаштырууну жайылтуу, автотранспортту газга өткөрүү боюнча маселе талкууланды.

Экологдор Бишкек шаарында абанын булганышы боюнча кыш түшкөндөн бери эле коңгуроо кагып келатышат. Бирок өкмөт азырынча кескин чара көрө элек. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG