Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Юрист Осмоналиев: мага козголгон иш - сөз эркиндигине басым


Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

Коопсуздук кеңешинине караштуу коррупцияга каршы эксперттик топтун мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев өзүнө карата «Атайылап жалган айгак болуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын тастыктады. Юристтин айтымында, ага «Кыргызнефтегаз» боюнча айткан пикирине байланыштуу милиция териштирүү башталганы тууралуу табыштама тапшырылган.

- Сөз эркиндигине кысым десе болот. Ар бир экспертке интервью үчүн иш козгоп, кысымга алып жатканы - демократиянын төмөндөгөнү.

Осмоналиев медиа каражаттарына «Кыргызнефтегаз» тууралуу эксперттик пикирин, коррупциялык тобокелчиликтер жөнүндө айтып бергенин кошумчалады. Ал эч кандай жалган маалымат таратпаганын белгиледи.

Учурда юристке козголгон кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлиги маалымат тарата элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG