Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

ИИМ: вирус жөнүндө жалган маалымат тараткан киши кармалды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусиянын Ички иштер министрликтери чогуу жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокат районунун Орусияда иштеп жүргөн тургуну «WhatsApp» тиркемесинде вирус жөнүндө жалган маалымат таратканы үчүн кармалды.

Күч органдары кармалган кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жалган маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертишкен. Милиция ал өз күнөөсүн мойнуна алып, вирус жөнүндө материалдарды Интернеттен алганын айтып бергенин билдирди.

Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда жалган маалымат таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертип, мыйзамды билбестик жоопкерчиликтен куткарбай турганын белгилейт.

Учурда социалдык тармактарда Кытайдан жайылып жаткан коронавирус жөнүндө ар кандай маалыматтар тарап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG