Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:35

Бизнес бирикмелери өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзамга кабатыр болушту


Орусиядагы үйлөрдүн бириндеги жазуу.
Орусиядагы үйлөрдүн бириндеги жазуу.

Кыргызстандагы бир нече бизнес-ассоциациялар парламентте коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөгөн билдирүү таратышты.

Алар өз кайрылуусунда ишкер чөйрөдөгү ишканалардын өнүгүшүндө өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтык бийлик менен ишканалардын жана эксперттердин алакасын жакшыртууга көмөк көрсөтөрүн билдиришкен. Кайрылууда ошондой эле мындай уюмдар ишкер чөйрөдөгү коррупция менен күрөшүүдө, реформа жүргүзүүдө салымы чоң экени белгиленет.

«Биздин көз карашыбызда мыйзам долбоорунун демилгечилери санариптик реформаларда, эксперттик чөйрөдө, ишкерликти, өлкөнү өнүктүрүүдө, коррупция менен күрөшүүдө өкмөттүк эмес уюмдардын ролун толук түшүнбөй жатышат», деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууга Жаш ишкерлер ассоциациясы, Байланыш операторлор ассоциациясы сыяктуу он бирикме кол койгон.

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу отчёт берип турууга милдеттүү болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG