Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

10 жаштагы кызды зордуктоо үчүн шектүү киши изделүүдө


Жалал-Абаддын Ноокен районунун ички иштер бөлүмү 10 жаштагы кызды зордуктоо үчүн шектүү кишиге издөө жарыяланганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген.

Бул факты Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмышка шектүү кишинин тек-жайын тактоо, издөө иштери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG