Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев ар бир жарандын мүлкүн эки күндө текшерип койсо болорун айтып, бажыдагы коррупция боюнча атайын органдардын текшерүүсү бүтпөй жатканын сынга алды. Бөрүбашев бул тууралуу «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасындагы талкууда айтты:
- Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарын айтып жатасыңар. Ал кишинин күнөөсү барбы же жокпу, шектенүүгө болобу-болбойбу, карап коюш оңой эле. «Мыйзамсыз баюу» деген берене бар. Ал боюнча ар бир жарандын маалыматын алып, канча мүлкү бар, канча айлыгы бар экенин чыгарып коюуга эки эле күн кетет. Эки айдын кереги жок. Бул жерде бийликтин кетенчиктеп жатканынын себеби бар го? Бирок бул ачыкка чыгат.
«Азаттык» радиосу 2019-жылдын майы айынан бери бажыдагы коррупция, сыртка ташылган мыйзамсыз акча тууралуу бир нече иликтөө жарыялады. Ал иликтөөдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кеп болот. Кыргызстандын күч органдары иликтөөдө айтылган фактыларды текшерип жатканын билдирип келатышат. (TSh)