Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:49

Ырчы Атабеков милицияга нааразы болуп президентке кайрылды


Мирбек Атабеков.
Мирбек Атабеков.

Таанымал ырчы Мирбек Атабеков анын апасы өз үйүндө каракталганы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу милицияга нааразылыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ырчы Super.kg сайтына интервью берген. Атабековдун айтымында, милициянын шалаакылыгынан улам кылмышка шектүү эркиндикке чыгып кеткен.

- Бизде чоң суроо бар, - деди ал. - Уурдалган буюмдар ал баланын машинесинен табылып жатса, ал баланын күнөөсү жок болсо, анда ким ал жакка салды, кылмышка ким жооп берет? Уурдалган буюмдар табылып жатса - демек кылмыш ачылган. Бул жерде биз билбеген көп нерселер бар. Мен өкмөткө, президентке кайрылам: сот системасын, милициядагы кайдыгер кызматкерлерди тазалаш керек. Жашоо коркунучтуу болуп калды.

Атабековдун айтымында, кылмышка шектүү жаңы жыл алдында эркиндикке чыгып кеткен. Ырчы бийликке өзүнүн жеке иши үчүн эмес, мындай окуялар коомчулукта көп болуп жаткандыктан кайрылып жатканын айтууда. Мирбек Атабеков кылмышкерлер апасы менен карындашын курал менен коркутуп тоноп кетишкенин эске салып, алар жазасыз калбашы керек деп эсептейт.

Милиция бул боюнча комментарий берерин билдирди.

2019-жылдын 2-сентябрь күнү шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирген деп шек саналган жаран кармалганын билдирген. Анда милиция Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалып, анын автоунаасынын ичинен далил буюмдар табылганын кабарлаган. Шектүү адам кармалгандан кийин ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн «Инстаграмдагы» жеке баракчасы аркылуу укук коргоо органдары менен соттордон бул фактыны калыс иликтеп, аягына чыгарууну өтүнгөн.

Милициянын маалыматына караганда, 6-май күнү карактоо болгону тууралуу арызданып А.Д. аттуу шаар тургуну кайрылган. Арызда анын Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45 чамаларында беткапчан, куралы бар кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кетишкени айтылат.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене («Карактоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

2019-жылдын 14-октябрда Жыпаркүл Иманкалиева аттуу жаран уурулукка шектүү катары кармалган баласы Медет Бейшеков бир жарым айдан бери күнөөсүз камакта отурганын айтып, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Анын айтымында, баласы милиция кызматкерлеринин кысымына кабылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG