Санкт-Петербург шаарынын бир нече райондорунда «орус президенти Владимир Путиндин сүрөтүн тартып, аны өлтүрүүгө чакырган» деген шек менен эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Петербург сотторунун биргелешкен басма сөз кызматы билдирди.
22 жаштагы Исломбек Парпиев менен Мухаммадазиз Ишматовду сот эки айга камакка алды. Трафарет аркылуу түшүрүлгөн сүрөттү жана анын жанындагы жазууну тергөөчүлөр террорго чакырууга теңеп жатышат.
Маалыматка караганда граффитилер 27-январда пайда болгон. Шектүүлөрдүн айтымында, Путиндин сүрөтүн тартууга Интернет аркылуу белгисиз бирөө буюртма берген. Ал кыргызстандыктарга «Telegram» аркылуу байланышка чыгып, беш миң рублга ушундай иш сунуш кылган.
Тергөөнүн материалдарына ылайык, Парпиев менен Ишматов Петербургга Оштон барышкан. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул жарандардын кармалышынын себептерин тактап жатат.