Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:42

2019-жылы милиция кызматкерлерине карата 63 иш козголгон


Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясы.
Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясы.

Ички иштер министрлиги 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрдү. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, милицияда иштөөнү каалагандарды өтө кылдат тандоо зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, 2019-жылы милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде 27 коррупция, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, 2 алдамчылык фактысы катталган.

- Силер мыйзам бузгандардын тизмесине түшпөй, жарандарыбыз үчүн үлгү болушуңар керек. Мамлекет милиция кызматкерлерин социалдык колдоону камсыз кылуу, айлык акысын жогорулатуу жана турак жай куруу боюнча күч-аракетин жумшап жатат, - деди өкмөт башчы.

Абылгазиев айрым кемчиликтерге карабастан, акыркы убакта жарандардын милицияга болгон ишеними жогорулап жатканын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG