Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

АКШ Иран үчүн Швейцария аркылуу жаңы гуманитардык канал ачканын жарыялады


Брайан Хук.
Брайан Хук.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук билдирди:

- Казыналык департаменти менен бирге өсмөгө каршы жана трансплантация үчүн препараттарды Иранга сатуу жана жеткирип берүү ишин соңуна чыгарганыбызды бүгүн мен жарыялап жатам. Бир нече ай мурда биз Швейцария менен бирге гуманитардык товарлар үчүн жаңы финансылык канал ачууну көздөп жатканыбызды айттык эле. Санкция режимине карабастан компаниялар тамак-аш, дары-дармек, медицина жабдыктары жана айыл чарба өндүрүмү боюнча жеңилдиктерди пайдалана алат.

АКШнын бийлиги Иран медициналык максатка бөлүнгөн каражаттарды туура эмес пайдаланып келген деп шек санайт. Жакында Брайан Хук 1 миллиард евронун дайыны табылбай калганын билдирген.

Жаңы канал Швейцариядагы эсептер аркылуу иштей тургандыгы жана толук көзөмөлдө болору айтылды.

XS
SM
MD
LG