Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Өкмөт башчы Казакстанда ЕАЭБ боюнча жыйынга катышат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

31-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Алматы шаарына барып, Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн сайты жазды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жыйында 14 маселе талкууланат. Анын ичинде Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ички рыногундагы тоскоолдуктар, берилген тапшырмаларды аткаруу, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандыруу сыяктуу маселелер каралат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев кыргыз ишкерлери жүк ташууда Казакстандын Салык инспекциясы менен Чек ара кызматы тарабынан тоскоолдуктарга учурап жатканын айтып, өкмөттү коңшу өлкөнүн бийлиги менен сүйлөшүүгө чакырган.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй, Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан жүккө кошумча талап койгондуктан өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши ЕАЭБдин нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG