Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

УКМК Орусиянын коопсуздук кызматынын окуу жайына кабыл алуу жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Орусиянын атайын кызматтарынын окуу жайларына кабыл алуу жарыялаганын айрым укук коргоочулар сындап чыгышты. Алардын бири, укук коргоочу Динара Ошурахунова өлкөнүн атайын кызматы чет өлкөнүн коопсуздук кызматынын окуусуна кабыл алып жатканы «эгемендүүлук жана коопсуздук маселесине доо кетирбейби» деп суроо салат. Укук коргоочу Кыргызстан өзүнүн атайын кызматынын адистерин даярдоочу окуу жайын ачышы керек деп эсептейт.

УКМКнын расмий сайтында «2020-жылдын 22-январынан тартып 4-мартка чейин Орусия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) жана Федералдык коргоо кызматынын (ФКК) атайы аскердик окуу жайларына окууга документтерди кабыл алуу башталды» деген жарыя илинип турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG