Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:46

Депкомиссияга Райымбек Матраимовду чакыруу сунушталды


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Маркум Айеркен Саймаитинин ишмердигин жана өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев комиссияга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана бул иште аты аталган депутаттарды да чакырууну сунуш кылды. Бул тууралуу Жээнчороев комиссиянын 31-январдагы жыйынында айтты:

- «Азаттыктын» иликтөөсүндө жана коомчулукта сын айтылып жүргөн Райымбек Матраимовду, депутаттар Алтынбек Сулаймановду, Дүйшөн Төрөкуловду комиссияга чакырсак. Аларды да уга турган шарт түзүлүш керек.

Комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов зарыл болсо аты аталгандар депутаттык комиссияга чакырыларын айтты. Учурда Жогорку Кеңеште Саймаитинин ишмердигин жана өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган.

Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, аталган фракциянын мүчөсү Дүйшөн Төрөкулов жана «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова УКМКда сурак берип чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG