Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

УКМК: сыртка ташылган каражаттарда жер, кыймылсыз мүлк үчүн которулганы бар


Сагынбек Самидин уулу.
Сагынбек Самидин уулу.

Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында бир нече чет өлкөгө которулган 932 млн. 736 365 доллардын ичинде мүлк алууга да акча которулган. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу ырастады.

Депутат Мирлан Жээнчороев: «Сыртка которулган акчанын ичинде үй, жер сатып алууга которулган каражат барбы?» деген суроо берди. Сагынбек Самидин уулу ага мындай жооп берди:

- Азыр бул маалыматтар тастыкталып жатат. Акча которуу боюнча документтерде жер, кыймылсыз мүлк алыш үчүн которулган акча каражаттары бар. Канча акча, кимдин атына которулганын тактап жатабыз. Биз кошумча маалымат беребиз.

Депутат Жээнчороев бул сыртка "чыгарылган миллиондогон акча «Кара-Суу» жана «Дордой» базарларындагы ишкерлердин товар үчүн гана которгон акчасы" деген сөздөргө шайкеш келбей турганын айтты жана бул маалыматтарды тергөө такташы керек экенин белгиледи.

31-январда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия парламентте Саймаитинин Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана башка маалымат каражаттарына жарыяланган жагдайлар боюнча жыйын өткөрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG