30-31-январь күндөрү Ички иштер министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча отурум өттү. Коллегиянын жыйынтыгы менен 30дан ашуун жетекчиге эскертүү берилип, айрымдары тартиптик жазага тартылып, биринчи чейректин жыйынтыгында ишмердүүлүгү карала турган болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле коллегиянын чечими менен коомдук тартипти сактоодогу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттардагы кемчиликтери үчүн 15 жетекчинин ишине баа берилет.
Буга чейин 2019-жылы милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Анын ичинде 27 коррупция, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, 2 алдамчылык фактысы катталган. (TSh)