Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Пакистан Кытай менен аба каттамын токтотту


Пакистанда жайгашкан кытайлык компаниянын кызматкерлери текшерүүдөн өтүп жаткан учуру. Исламабад, 30-январь, 2020-жыл.
Пакистанда жайгашкан кытайлык компаниянын кызматкерлери текшерүүдөн өтүп жаткан учуру. Исламабад, 30-январь, 2020-жыл.

Пакистан Кытайга жана Кытайдан бардык аба каттамдары убактылуу токтотулганын билдирди. Бейшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу глобалдуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Исламабад 31-январда билдиргендей, аптасына эки жакка каттаган 22 рейс 2-февралга чейин токтоп турмакчы. Пакистандын өзүндө вирус каттала элек, бирок Кытайда окуп жаткан төрт студент ооруп калганы белгилүү болду. Бул тууралуу Пакистандын Саламаттык сактоо мекемесинин өкүлү Зафар Мирза билдирди.

500гө жакын пакистандык студент дагы эле жаңы вирустун очогу болгон Ухань шаарында жүрөт. Кытайда Пакистандын 30 миңдей жараны бар. Бирок аларды алып келүү планы азырынча иштелип чыга элек. Кохат шаарында бир нече ата-эне өкмөттөн балдарын алып келүүнү талап кылды.

Өпкөнү сезгенткен коронавирустан Кытайда 213 киши өлдү, 10 миңдей киши ооруну жуктуруп алды. 18 өлкөдө инфекциянын 98 учуру катталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаал жарыялашы биринчи кезекте жакыр жана анча өнүкпөгөн өлкөлөргө илдетке каршы туруу жагынан жардам берүүнү көздөйт.

Ал арада АКШ өз жарандарына Кытайга барбоого, ал эми ал өлкөдө жүргөн америкалыктарга өз эсебинен кайтып келүүгө кеңеш берди.

XS
SM
MD
LG