Орусиянын Коргоо министрлигинин сайты Канттагы авиабазага «Урал» үлгүсүндөгү 13 чопкутталган автоунаа алып келгенин жазды. Ал чоң автоунаага ири ок атуучу пулемёт орнотулган.
«Бул аскер автоунаасы жогорку деңгээлде корголгон жана ыкчам жүрүүгө багытталган», деп жазылат Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында.
Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскер объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. (TSh)