АКШнын Куралдуу күчтөрү Иран Ирактагы базага ракетадан сокку урганда жабыркаган аскерлердин жаңы санын жарыялады. Пентагондун басма сөз катчысы Томас Кэмпбелл 30-январда билдиргендей, бардыгы болуп 64 кишиге мээнин жеңил жаракаты деген диагноз коюлган. Алардын 39у кызматтарына кайтып барышты.
Буга чейин президент Дональд Трамп 8-январда Иран Ирактын «Айн аль-Асад» аба базасына сокку урганда америкалыктар жабыркабаганын айтып, армия ардагерлерин кыжаалат кылган. Кийин Куралдуу күчтөр 11 америкалык жарадар болгонун маалымдап, андан соң бул санды 34 кишиге көтөргөн. 28-январда болсо 50 жарадар тууралуу билдиришкен.
Трамп жарадар болгондордун «баштары, дагы бир жерлери ооруганын укканын» айткан.
Сөз болгон базада «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөшкөн АКШ баштаган коалициянын күчтөрү жайгашкан.
Тегеран базага коюлган чабуулду генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу акциясы деп атаган. «Кудс» тандалма бөлүгүнүн командачысы 3-январда Багдаддын четинде америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.