Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Помпео: Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз


Помпео жана Зеленский. Киев, 31-январь, 2020-жыл
Помпео жана Зеленский. Киев, 31-январь, 2020-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Алар бир сааттай сүйлөшкөн соң биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү.

Помпео АКШ Украинанын орус агрессиясына каршы күрөшүн, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү аракеттерин мурункудай эле толук колдоорун билдирди.

“Вашингтон эч качан Крымдын аннексияланышын тааныбайт”,-деди Помпео. Ага чейин мамкатчы Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко менен да жолугушкан.

Мамлекеттик катчынын сапары Сенатта президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо процесси уланып жаткан маалга туш келди. Демократтар Трамп украин президентинен АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин жана уулунун Украинадагы ишмердигин текшерттирүүнү талап кылган, Киевге аскердик жардам берүү ушул маселеге көз каранды болорун айткан деп айыпташууда.

Украина Кошмо Штаттардын аскердик жана саясий колдоосуна муктаж. Мамлекеттик катчы Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун урматына арналган иш-чарага катышты. 2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушунан 13 миңден көп киши каза тапты. Орусия ошондой эле Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG