Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Орусияда коронавирустун алгачкы учурлары катталды


Иллюстрациялык сүрөт. Москва, 28-январь, 2020-жыл
Иллюстрациялык сүрөт. Москва, 28-январь, 2020-жыл

Орусияда коронавируска чалдыккан эки киши аныкталды. Эки аял - Кытай жарандары. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 31-январда билдирди. Бир учур Забайкальеде, экинчиси Тюменде катталды. Экөө тең карантинге алынды.

30-январда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу глобалдык өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келчү жаңы коронавирустан Кытайда 213 киши өлдү, 10 миңдей киши ооруну жуктуруп алды. Кытайдан сырткары 23 өлкөдө вирустун 100дөн көп учуру катталды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаал жарыялоосу биринчи кезекте жакыр жана анча өнүкпөгөн өлкөлөргө илдетке каршы турууга жардам берүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG