Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Улуу Британия Евробиримдиктен чыкты


Улуу Британиянын туусу.
Улуу Британиянын туусу.

Дээрлик үч жарым жылга созулган талаш-тартыштан кийин Улуу Британия 1-февралга караган түнү Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүн токтотту. Эми Лондон менен Брюсселдин келечектеги алакасы кандай болоору боюнча 11 айлык өткөөл мезгил башталды. Бул убакыт ичинде эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы кандай болоору тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Улуу Британия Евробиримдикке 1973-жылы кошулган жана шаркеттен бөлүнүп чыккан биринчи мамлекет болуп калды. Азыр эми бул биримдикке 28 эмес, 27 өлкө мүчө.

Ушул аптада Европарламент көпчүлүк добуш менен Британиянын Евробиримдиктен чыгышы жөнүндөгү келишимди колдогон. Документке 621 депутат макул, 49у каршы болуп, 13ү добуш берген эмес.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын 52% Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон. Андан бери Британия саясий талкуудан башы чыккан жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG