Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

ИИМ элдин милицияга ишеними жогорулады деп эсептейт


Ички иштер министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегия.
Ички иштер министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегия.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бул тууралуу милициянын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отурумда айтты.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, Өмүрзаков Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып ички иштер органдарына ишеним 13,5 пайыздан 23 пайызга жогорулаганын билдирди. Бул күч түзүмдөрүнүн арасынан жогорку көрсөткүч.

Ошол эле кезде былтыр милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде 27 коррупция, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, эки алдамчылык фактысы катталган.

Президентке арыздангандардын 42,5 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу. Өткөн жылы президенттин аппаратына ИИМге каршы 789 арыз түшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG