Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Помпео: АКШ Беларустун көз карандысыздыгын колдойт


Александр Лукашенко жана Майк Помпео.
Александр Лукашенко жана Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 1-февралда Минскиде Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Помпеонун Беларуска алгачкы визити Минск менен Москванын ортосундагы интеграция жана мунай баасына байланыштуу абал курчуп турган учурга туш келди.

Майк Помпео Лукашенко менен жолугушууда АКШ Беларустун көз карандысыздыгын колдой турганын айтты жана Кошмо Штаттары жакын арада Минскиге элчи жиберерин билдирди.

Мамлекеттик катчы АКШ үчүн адам укугу маанилүү маселе экенин белгилеп, ал Беларус оппозициясы менен да жолугушары мүмкүн экенин четке каккан жок.

Москва менен Минск 1999-жылы орток союздук мамлекет түзүү жөнүндө келишим кабыл алышкан, бирок андан бери олуттуу прогресс байкала элек.

Майк Помпео Беларуска сапары алдында 31-январда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, АКШ Украинанын орус агрессиясына каршы күрөшүн, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү аракеттерин мурункудай эле толук колдоорун билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG